• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте грэпплинг боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 01.03.23. /Кабар/. Бишкекте кадеттер, жаштар, чоңдор, ардагерлер арасында грэпплинг боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 4-5-март күндөрү “Газпром-балдарга” ден соолукту чыңдоо борборунда болот.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориялары боюнча күч сынашат:

Кадеттер арасында (2006-2007 жылы төрөлгөн):

Балдар: 42, 46, 50, 54, 58, 63, 69, 76, 85, 110 кг;
Кыздар: 43, 46, 52, 56, +65 кг.

Жаштар арасында (2004-2005 жылы төрөлгөн):

Уландар: 58, 62, 66, 71, 77, 84, 92, 100, 130 кг;
Кыз-келиндер: 49, 53, 58, 64, 71, 90 кг.

Чоңдор арасында (2003-жылы төрөлгөн жана жогоркулар):

Эркектер: 62, 66, 71, 77, 84, 92, 100, 130 кг;
Кыз-келиндер: 53, 58, 64, +71 кг.

Ардагерлер арасында А (35-45 жаш) – (45-55 жаш):
Эркектер: 62, 66, 71, 77, 84, 92, 100, 130 кг.

Пикир

Оставить комментарий