• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, эки адам куткарылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.23. /Кабар/. Бишкектеги А. Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрт чыккан батирдин ичинен эки адам куткарылды, андан тышкары, көп кабаттуу үйдүн 9-10-кабатындагы батирлерден 20 киши эвакуацияланды.

Жерине 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана атайын штаб тартылды.

Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону саат 12:42де чектөөгө алды, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий