• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кармалган 11 журналист тергөө абагына эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Массалык баш аламандыкка үндөгөн деген жүйө менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган журналисттер 2 айга тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук соту тарабынан кылмыш кылууга шектүүлөрдү камакка алуунун мыйзамдуулугун жана негидүүлүгүн текшерүү боюнча соттук материалдарды, ошондой эле баш коргоо чарасын кароо боюнча материалдарды иликтеди.

Тергөө сотунун чечими менен айыпталуучулар К.М.Т., С.С.С., Т. кызы М., А.С.А., Б.Ж.Б., А.Т.Б., Б.А.Н., И.А.И., Т.Ж.И., Т. уулу М. жана О.А.О.нын кармалышы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылды. Аларга карата тергөө учурунда, башкача айтканда 2024-жылдын 13-мартына чейин камакка алуу баш коргоо чарасы тандалды.

Буча чейин Ички иштер министрлиги 2023-жылдын 30-декабрында интернет мейкиндигин мониторинг жүргүзүү учурунда "Айт Айт Десе" жана Temirov Live интернет-аянтчаларында жайгаштырылган массалык башаламандыкка чакырган маалыматтар табылганын маалымдаган.

2024-жылдын 12-январындагы экспертизанын корутундусуна ылайык, "Айт Айт Десе" жана Temirov Live баракчаларында жарыяланган материалдарда нааразылык акцияларына жана массалык башаламандыктарга чакырыктарды камтыган маалыматтар экендиги такталган.

Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 16-январында аталган кылмыш ишинин алкагында, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан бир нече дарек боюнча тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Жогоруда аталган жарыяланган басылмаларга тиешеси бар жарандардын жашаган үйлөрүн тинтүү учурунда далил катары документтер, уюлдук телефондор, фото аппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык каражаттар жана банк карталары табылган.

ИИМдин Тергөө кызматына 1994-ж.т. А.Т., 2001-ж.т. Б.А., 1997-ж.т. И.А., 1972-ж.т. С.С., 1993-ж.т. Б.Ж., 1994-ж.т. К.М., 1990-ж.т. А.С., 1991-ж.т. О.А., 1992-ж.т. Т.Ж., 1992-ж.т. Т.М. жана 1991-ж.т. Т.М. алынып келип, тергөө амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгы менен алар Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин тартибинде кылмыш жасаганга шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий