• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Ноорузду майрамдоодон кийин 30 куб метр таштанды чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Нооруз майрамы белгиленгенден соң, Бишкек шаарындагы борбордук аянттан жана ага жакын аймактардан “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 30 куб метр таштанды чыгарышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Майрамга карабастан, шаардык кызматтын жумушчулары кечки 21:00дө тазалоого чыгышып, түнкү саат 2:00дө санитардык тазалоону аякташкан. Майрамдан кийинки тазалоо иштерине “Тазалык” МИнин 60 жумушчусу чыккан. Жалпысынан, 5 атайын техника жана 3 жуучу-сугаруучу машина иштетилген.

Учурда штаттык режимде Бишкек шаары боюнча тазалоо иштеринде аталган муниципалдык ишкананын жана шаардык жергиликтүү аймактык башкармалыктарынын жумушчулары иштеп жатат.

Эскерте кетсек, аймактарды тазалоо боюнча билдирүүлөрдү сүрөтү менен WhatsApp колдонмосуна төмөнкү номерлерге жиберүүгө болот:

Карынбаев Аскат Асан­алиевич (Ленин ра­йону) — ‪0557 997-927;
Акматбаев Таалайбек ­Таберикович (Октябрь району) — ‪0554 955-509;
Шарапов Руслан Эсенб­екович (Биринчи Май ­району) — ‪0558 336-640;
Матмусаев Марат Мама­нович (Свердлов р­айону) — ‪0555 447-154.

Ошондой эле, 185 жана 1840 номерлерине күнү-түнү чалып, билдирүү калтырууга болот. Маселелер боюнча сүрөттөрдү 0554 182-185 номерине жөнөтүңүздөр.

Пикир

Оставить комментарий