• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте соода борборунда өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Бишкекте Чүй көчөсүндө жайгашкан "Эне өргөөсү" соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө төрт бөлүм жана штаб тартылган. Ошондой эле жеринде Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен иш алып барды.

Жалын саат 10:00дө чектөөгө алынып, саат 10:35те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий