• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте түндө айдоочу эне-баланы коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.20. /Кабар/. Бишкектеги Жамгырчиев көчөсүндө Лексус-RX400 автоунаасынын айдоочусу энеси менен кызын коюп кетти. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, кырсык 21-январда болжол менен саат 00:20да болгон.

Кырсыктан 45 жаштагы энеси менен 26 жаштагы кызы жабыркаган, алар шаардагы №4 ооруканага жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган, чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий