• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Түштүк Кореянын элчилигинин кубогу үчүн таэквондо WT боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Бишкекте Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин кубогу үчүн таэквондо WT боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Мелдеш 30-октябрда “Газпром” комплексинде өттү.

Спорттук иш-чара Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата уюштурулуп, анын урматына Куккивондон мыкты команда турнирдин ачылышында өздөрүнүн программасын тартуулады.

Пикир

Оставить комментарий