• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте телефон тоноого шектелип 28 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Бишкекте уюлдук телефон тоноого шектелип 28 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 20-апрелде саат 21:40тар чамасында “102” кызматына Жаш Гвардия жана Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон тонолгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Анда 67 жаштагы Л.З. аттуу аял 36 жаштагы Л.И. аттуу баласын белгисиз жарандар уруп, Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 28 жаштагы М.А. аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 201-беренесинин (“Тоноо”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий