• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте турак үй өрттөнүп кетти - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Бишкекте турак үй менен ашкананын 270 чарчы метр чатыры күйүп, ал жанаша турган үйгө өткөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт Свердлов районунун Сеченов көчөсүндөгү №45 үйдөн чыгып, ага кошуна турган №47 үйгө өткөн.

"Кырсыктын кесепетинен аянты 163 чарчы метр эки кабаттуу турак үй толугу менен жана ага жанаша салынган турак үйдүн 60 чарчы метр чатыры, 200 чарчы метр таштанды күйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Учурда өртүн чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий