• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жалбырактарды жана таштандыларды өрттөгөндөрдү кармашууда

Коом 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте жалбырактарды жана таштандыларды өрттөгөндөргө каршы рейддер башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө шаардын түштүк жана борбордук бөлүгүндө Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциянын кызматкерлери ондогон санитардык эрежелерди бузууларды аныкташты.

Бардык бузуучуларга карата СЭИ кызматкерлери тарабынан административдик жоопкерчилик протоколдору түзүлүп, андан ары кароого Октябрь, Биринчи май райондорунун административдик комиссияларына жөнөтүлдү.

Рейддин жүрүшүндө кварталдык башчылар, тургундар, уюмдардын жетекчилери, соода түйүндөрүнүн ээлери жана МУБ кызматкерлери менен көчөлөрдө жалбырактарды жана таштандыларды өрттөбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, бул багыттагы иштер улана берет.

Пикир

Оставить комментарий