• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын иши боюнча отурум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Бишкектин Свердлов райондук сотунда милиция кызматкерлери тарабынан зордуктоого кабылган 13 жаштагы кыздын иши боюнча отурум өтүүдө. Маалыматты соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш боюнча үч эркек кишинин үстүнөн териштирүү жүрүүдө, алардын экөө милиция кызматкери, бири Ленин РИИБнин жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспекциянын кызматкери, экинчиси Свердлов райондук милициясынын участкалык милиционери, ошондой эле "Дордой" базарынын кароолчусу.

Белгилей кетсек, жашы жете электердин жыныстык кол тийбестигине байланыштуу процесстер жабык эшик артында өтөт.

Бүгүнкү отурумду утурлай соттун алдында активисттердин катышуусунда митинг өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий