• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги ири жол кырсыгында 4 киши жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Бишкектин Тынчтык проспектиси жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгында 4 киши жабыркаган.

"Кабар" агенттигине Тез жардам кызматынан билдиргендей, түндө саат 01:00дө жол кырсыгында 4 автоунаа кагылышкан.

Анын жыйынтыгында жаракат алган эки жаранга кырсык болгон жерде жардам көрсөтүлсө, экөө 4-шаардык оорукана жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий