• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги таштанды полигонун рекультивациялоо иштери башталат

Коом 0


Бишкек, 09.06.21. /Кабар/. Бишкектин шаардык таштанды полигонун рекультивациялоо иштери кайра башталат. Бул тууралуу "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-майында "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" долбоорунун алкагында иштерди жандандыруу максатында подрядчылар жана эстониялык "Ранд жана Туулберг” курулуш компаниясы өкүлдөрүнүн биринчи тобу Бишкекке келген. Ал эми экинчи тобу июнь айында вакцинадан өтүп, жумушчу визаларын алгандан кийин келишет.

“Буга чейин долбоорго байланыштуу бардык иштер пандемиядан улам 14 айга токтотулган. Учурда долбоор боюнча келишимди 17 айга чейин узартуу пландалууда. Шаардык таштанды полигонунун аймагы дагы 3,8 гектарга кеңейип кеткенине байланыштуу долбоорду ишке ашыруудагы баанын жогорулашы күтүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун алкагында эски таштандынын жер кыртышы толугу менен кайра иштетилет. Жер кыртышынын үстү 0,5 метр чопо катмары менен жабылса, 0,2 метр жер семирткич катары колдонулган түшүмдүү катмар менен жабылып, ал айыл чарба жерлерине айландырылат.

Эске салсак, "Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу" долбооруна 2013-жылы кол коюлуп, 2015-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Долбоордун жалпы наркы 22 млн еврону түзөт.

Пикир

Оставить комментарий