• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

БШК “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог өткөрдү

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 19.09.17 /Кабар/. КР БШК КМШ Парламенттик Ассамблеясынын шайлоочулардын укугун сактоо жана парламентарий, демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунун Бишкек филиалы менен биргелешип “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог өткөрдү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 18-сентябрында КР БШК Бишкек шаарында КМШ Парламенттик Ассамблеясынын шайлоочулардын укугун сактоо жана парламентарий, демократияны өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунун Бишкек филиалы менен биргелешип “Кыргызстанда шайлоо процессин реформалоо” деген темада коомдук диалог өткөрдү. Диалог Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин катышуучу-мамлекеттеринин шайлоо укугу жана эркиндиги, демократиялык шайлоолордун стандарттары жөнүндө Конвенциянын 15 жылдыгынын алкагында өттү.

Диалогдун ишине КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР БШК жана Бишкек АШК мүчөлөрү жана КМШ ПААнын байкоочулары, ошондой эле башка эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Н. Шайлдабекова жыйындын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Коомдук диалогдун жүрүшүндө: “ Кыргызстандагы шайлоо процессин реформалоо: жыйынтык жана келерки тапшырмалар”,“Шайлоочуларды биометрикалык идентификациялоо”, ошондой эле Бишкек шаарынын ички мигранттары үчүн добуш берүүгө шарт түзүү талкууланды. Ошондой эле Парламенттик Ассамблеянын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий