• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүй облусунда каракчылыкка шектелип төрт бала, бир кыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Чүй облусунда каракчылыкка шектелип төрт бала, бир кыз кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Беш-Күнгөй айылынын 23 жаштагы Д.Э. аттуу тургуну кайрылып, аны 20-22 жаштагы беш белгисиз адам карактап кетишкенин билдирген.

Анын айтымында, ал Беш-Күнгөй айылына кетүү үчүн шаардагы көчөлөрдүн биринде турган. Ошол маалда, "Хонда Фит" үлгүсүндөгү унаа токтоп, аны жеткирип коюуну сунуштаган. Анын ичинде жаш балдар болгон. Бирок, алар Аламүдүн районундагы көчөлөрдүн биринен токтоп, аны белгисиз курал жана бычак менен коркутуп 20 миң сомдук iPhone үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Андан кийин, баланы унаадан түшүрүп коюп, кетип калышкан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган окуяга катыштыгы бар деп Бишкек шаары менен Чүй облусунун тургундары – 18 жаштагы Б.Ж менен И.Т., 19 жаштагы А.М. жана 18 жаштагы Ж.А., мурда соттолгон 19 жаштагы М.А. аттуу кармалган. ­­­­­­­­­

Бул факты боюнча милиция кызматкерлери кармалгандар менен иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий