• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чүйдө мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөр демонтаждалды

Аймак 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Чүйдө мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөр демонтаждалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Төмөнкү-Аларча айыл аймагында мыйзамсыз орнотулган канализациялык түтүктөрдү аныктоо боюнча рейд өтүп, алардан чыккан калдыктар, таштандылар жергиликтүү коллектордук-дренаждык тармактарга куюлары аныкталды.

Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз түтүктөр демонтаждалып, аны орноткон үй ээлерине жана ишканаларга Укук бузуу кодексинин 246-беренесинин негизинде 4 протокол түзүлүп, 22 миң сом айыппул салынды.

Пикир

Оставить комментарий