• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Акыркы мезгилде чөнтөк уурулары көбөйдү - милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.19. /Кабар/. Акыркы мезгилде чөнтөк уурулары көбөйдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уурулуктун көпчүлүгү соода борборлорунда, коомдук унааларда, базарларда, эл топтолгон жерлерде болот. Көбүнчө телефондор, капчыктар уурдалат.

"Уруулардын курмандыгы болбош үчүн сумканы көз алдында кармап, капчыкты ашыкча көрсөтүүнүн кереги жок. Кылмыштын күбөсү же курмандыгы болсоңуз дароо милицияга кайрылыңыз. Милицияга эртерээк кайрылуу кылмышкерди кармоого чоң өбөлгө болот", - деп билдирет шаардык милиция.

Пикир

Оставить комментарий