• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек ара кызматы: Тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды топтоп жатканы байкалууда

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 12-апрели, саат 23:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз айылдарын миномёттон аткылоону токтотуп, саат 22:50дөн 23:16га чейин Баткен облусунун Баткен районунун Радар-1 жерлигинде тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлерин маал-маалы менен аткылап турушту.

Мындан тышкары, чыр-чатак орун алган жерге тажик тарап кошумча күчтөрүн жана каражаттарын топтоп жатканы байкалган.

Күч структуралары менен мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн жеринде координациялоону КРнын Коопсуздук Кеңешинин катчысы катчысы генерал-лейтенант Марат Иманкулов ишке ашырып жатат.

КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалды турукташтыруу үчүн баардык чараларды көрүүдө.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Окуядан кыргыз аскери жарадар болгон.

Пикир

Оставить комментарий