• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

«Чек арасыз музыка». Бишкекте эл аралык джаз фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Бишкекте 20-21-апрель күндөрү эл аралык XVIII джаз – 2023 фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар “Борбор Азия – Art Management” коомдук фонду билдирет.

Эл аралык фестивалдын урааны – «Чек арасыз музыка», ага Австриянын, Израилдин, Италиянын жана Кыргызстандын музыканттары катышат.

Концерт Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң сахнасында өтөт. Башталышы саат 18:00.

Уюуштуруучулар кошумчалашкандай, джаз фестивалынын алкагында 21-апрелде Кыргыз улуттук консерваториясында атайын мастер-класс өтөт. Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.

Белгилей кетсек, ЮНЕСКО уюму 30-апрелди джаздын эл аралык күнү катары жарыялады. Бишкек эл аралык джаз фестивалы 2018-жылдан тартып, ушул күнгө арналган фестивалдардын программасына кирет. 17 жолу өткөрүлгөн Бишкек эл аралык джаз фестивалынын алкагында, кыргызстандыктарды 21 өлкөнүн 176 тобунун джазды интерпретациялоо жана кабыл алуу өзгөчөлүктөрү менен тааныштырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү: Азербайжан, Австрия, Беларусия, Венгрия, Германия, Израиль, Италия, Казаrстан, Кыргызстан, Нидерланды, Польша, Россия, АКШ, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Франция, Швейцария, Эстония, Япония.

Пикир

Оставить комментарий