• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чоң-Алай районунун аймагында милиция элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Чоң-Алай районунун аймагында милиция элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 22-декабрь күнү Чон-Алай РИИБдин начальниги Марс Додуев, Чоң-Алай районунун аксакалдар сотунун тѳрагасы Шарабидин Жанботоев, райондук ички иштер бѳлүмүнүн милициянын аймактык тескөөчүлөрү жана жашы жете электер менен иштешүүчү инспекторлору менен биргеликте Чон-Алай РИИБдин кѳчмѳ кабылдама унаасы менен райондун Кашка-Суу айыл аймагында болушту.

Анда жашоочулар арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана үй-бүлѳлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, жаңы жылды тосууга байланышкан салтанаттуу кечелерди ѳз алдынча уюштурбоо, коопсуздук чараларын так сактоо боюнча жаш ѳспүрүмдѳргѳ, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, мындай иш-чаралар райондун бардык айылдарында ѳткѳрүлмѳкчү.

Пикир

Оставить комментарий