• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Нарында өткөн Эл аралык инвестициялык форумда 100 млн 400 миң долларлык келишимдерге кол коюлду

Аймак 0

Бишкек, 29.06.18. /Кабар/. Кечээ, 28-июнда Нарын облусунун Нарын шаарында «Нарын – Улуу Жибек жолундагы трансулуттук экономикалык түйүн!» аттуу VI Эл аралык инвестициялык форум өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Форумга Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын министрлик, ведомстволорунан, эл аралык уюмдардын, фонддорунан, республиканын жети облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынан, Кыргызстандагы бизнес коомчулуктар, туристтик жана соода компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан уюштурулду.

Инвестициялык форум Нарын облусунун эл аралык байланыштарды кеңейтүү жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуу, жергиликтүү ишкер чөйрөлөрүнүн эл аралык уюмдар менен эл аралык байланыштарды активдештирүү жана региондун экономикасына инвестицияларды тартуу үчүн түз байланыштарын уюштуруу максатын көздөйт.

Форум бир нече блоктон туруп, биринчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Франция мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов, КР Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы соода өкүлү Валерий Латыпов, Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн операциялык бөлүмүнүн аткаруучу директору Музаффар Джорубов, Кыргыз-Кытай компаниясынын «Чжун Дьжи Майнин» ЖЧКун генералдык директорунун орун басары Чжон Жени куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Экинчи бөлүк презентацияларга берилип, анда Нарын облусунун Ат-Башы районуна соода индустриалдык-логистикалык борбор куруу жөнүндө «Нарын» Эркин экономикалык аймагынын генералдык директору Гүлзат Абдырасулова, Нарын облусунун туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча Нарын облусунун туризм тармагынын өнүктүрүү жолдору боюнча «Турна» туристтик агенттигинин директору Талант Ниязбеков, «CBT» туристтик агенттигинин директору Гулира Кенжекараева презентация жасады.

Андан соң ЮСАИД долбоорунун презентацияларына кезек берилип, ЮСАИД долбоорунун ишкерликти өнүктүрүү боюнча туризм менеджери Асел Өмүралиева, ЮСАИД долбоорунун соода жана жумуш орундарын түзүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүк боюнча өлкөлүк директору Артем Зозулинский туризм тармагынын мүмкүнчүлүктөрү жана аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Акыркы бөлүктө төмөндөгү расмий иш кагаздарына кол коюлду:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов аппараты менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарынын соода өкүлү Сонг Жин Мин кызматташуусу жөнүндө;

2. Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев менен «Чжун Дьжи Майнин компани биргелешкен кыргыз-кытай компаниясынын» ЖЧКсынын генералдык директорунун орун басары Чжон Жени кызматташуусу жөнүндө;

3. Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Семетей Черикбаев менен жеке ишкер Курманбек Жакшылыков мал союлуучу жай куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;

4. Нарын шаарынын мэриясы менен Ага Хан маданият боюнча трастынын Нарын шаарынын генералдык планын түзүүдөгү кызматташуу жөнүндө;

5. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жакыпбек Субагожоев, «Дордой-дары» ЖЧКсынын жана жеке ишкер Шинь Тао менен дары чөптөрдү кайра иштетүү заводун куруу жөнүндө.

Жыйынтыгында келишимдердин жалпы суммасы 100 млн 400 миң америка долларын түздү.

Эскерте кетсек, Нарын облусунда Инвестициялык форум 6-жыл удаа өтүп жатат. Бул жылдар аралыгында өткөрүлгөн форумдун жыйынтыгы менен бир катар макулдашууларга жетишилди. Булар, Кочкор районунда «Ренессанс» бут кийим чыгаруучу ишканасы ачылып иштеп жатат. Былтыр келишимдин негизинде «Кипарис» кытайлык ишкана тарабынан бул бут кийим чыгаруучу ишканасы кеңейтилет. Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) жардамы менен Кочкор районуна жашылча-жемиш сактоочу логистикалык борбордун курулушу күзүндө башталат. КЭРдин Синьзянь автономиялуу облусундагы Кашкар шаарында «Нарын» Эркин экономикалык аймагынын соода өкүлчүлүгү ачылды. Учурда Ат-Башы районундагы соода-индустриалдык логистикалык борборунун курулушу боюнча иштерди жүргүзүүгө көмөк көрсөтүп жатат. Мындан тышкары, Кашкар администрациясы менен кол коюшуп, Нарын облусунан чыккан эт продукцияларын экспорттоо багытында иштер жүрүүдө. Ошондой эле, Беларусь республикасынын Могилёв шаарына тажрыйба алмашууга ишкерлер барып келген.

Пикир

Оставить комментарий