• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19. Кыргызстанда акыркы суткада бустердик дозаны 86 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб эмдөө боюнча статистикалык маалыматтарды берди.

Ага ылайык, акыркы сутка ичинде өлкөдө бустердик дозаны 86 адам алган. Алсак, Бишкекте 25, Ош шаарында 9, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 25, Нарын облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 22 адам вакцина алды.

Төмөндө акыркы сутка ичинде коронавируска каршы эмдөө алгандар тууралуу толук маалыматты келтиребиз:
- биринчи дозасын 1 миң 231 адам алды, жалпы 1 млн 378 миң 368 адам;
- экинчи дозасын 14 адам алды, республика боюнча экинчи доза алгандар 1 млн 127 миң 839 адам;
- бустердик дозаны 86 адам алды, алардын жалпы саны 89 миң 656 адамга жетти.

Пикир

Оставить комментарий