• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

COVID-19: Өлкө аймагындагы стационарларда 910 бейтап дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Өлкө аймагындагы стационарларда 910 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 910, амбулатордук түрдө 1 миң 489 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, 2-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 215 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 56ны түзөт. Алардын ичинен 43 миң 137 киши айыгып чыкты, 1 миң 65 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий