• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Дүйнөдө COVID-19 вирусунун жайылуу темпи марттын аягынан бери биринчи жолу өстү

COVID - 19 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Дүйнөдө ковидди жуктуруунун саны жети апталык кыскаруудан кийин кайрадан өстү. 7-13-майда жалпысынан 3,4 млн жуктуруу катталган, бул өткөн мезгилге караганда болжол менен 0,2 млн көп, бул тууралуу ТАСС билдирет.

Бирок адам өлүмү азаюуда. Төртүнчү жума катары менен ковидден кеминде 20 миңдей адам каза болду.

Азияда өсүш

Инфекциянын жайылуу ылдамдыгы Европанын жер-жерлеринде кыскарууда, бирок Азия жана Америкада өсүп жатат. Ал эми Японияда бул жумада суткасына 40 миңден ашык оорунун учурлары катталган, бул илдетке чалдыгуу бир кыйла азая түшкөн Малайзияда болсо кайрадан күчөп жатканы байкалууда. Таиландда кыскаруу жайлап калды – бир жумада ал жакта күнүнө болжол менен 7-8 миң жаңы учур катталган.

Ушул жумада КЭДРде ооруну жуктуруунун биринчи учурлары белгилүү болду. Yonhap агенттиги жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен билдиргендей, республикада инфекцияны жуктуруунну 18 миңден ашык учуру катталган жана оорудан алты адам каза болгон. Ошентип, бүгүнкү күнгө чейин эки гана мамлекет – 6 миллионго жакын калкы бар Түркмөнстанда жана Тынч океандагы Тувалу арал мамлекетинде (12 миңге жакын адам) – расмий түрдө эч ким ковид менен ооруган эмес.

Америка жана Европа

Түндүк Америка материгинде кырдаал АКШда курчуп кетти - азыр ал жерде күн сайын 80 миңден ашуун учур катталат, өлкөдө февралдын ортосунан бери мындай болгон эмес. Бул ушул аптада дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Латын Америка өлкөлөрүндө Колумбия менен Бразилияда оорунун күчөшү катталды.
Европа өлкөлөрүнүн ичинен Испанияда гана олуттуу өсүш байкалган – ал жерде оору марттын орто ченине чейин көтөрүлгөн. Ошол эле учурда Францияда бир жуманын ичинде үчтөн бир, Италияда төрттөн бир, Германияда дээрлик эки эсе төмөндөдү.

Жаңы толкунга туруштук бере албай жаткан Австралияда бул жумада кайрадан күнүнө 50 миңден ашуун учур катталды.

Адам өлүмү учурлары

Дүйнөдө 7-майдан 13-майга чейин 10,6 миңге жакын өлүм катталды, бул мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 2,8 миңге аз.

Өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү оор кесепеттерден сактаңыз.

Пикир

Оставить комментарий