• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Депутат Тынчтык Шайназаров БШКнын мүчөсү болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Шайназаров Тынчтык Урайимович Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетек, БШК мүчөсү Назарали Арипов буга чейин өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Тынчтык Шайназаров чоң ишеним көрсөткөнү үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдирүү менен, жакында өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтото турганын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий