• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Байсалов Камчыбек Ташиевдин балдарынын дарегине айтылган айыптарга комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Вечер трудного дня” телеберүүсүнүн эфиринен Камчыбек Ташиевдин балдарынын дарегине айтылган айыптарга комментарий берди.

Анын айтымында, журналисттин иликтөөсүндө айтылып жаткан тендердин сметалык баасы 100 миң сомду түзгөн. Өз кезегинде бүтүмдөн алынган таза пайда 9 миң сомго жакынды түздү.

“Ташиевдин балдары тендерлерден ута баштаганына басым жасап жарыяланган иликтөө таза манипуляция. Камчыбек Ташиев өз ишин дээрлик жол боюнда цистерна менен бензин сатуудан баштап, андан соң Жалал-Абад облусунда май коюучу станцияларды ачуу менен чоң бизнесин өнүктүргөн адам экенин эл унутуп калды. Камчыбек Кыдыршаевич барына өзүнүн эмгеги менен жетип, бизнесмен гана эмес, ишкер, саясатчы, мамлекеттик ишмер да болду. Ал тендерлерди Аскар Акаевдин тушунда эле утуп келген”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий