• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы жана РФ ТИМ башчысы ЕАЭБдин үчүнчү өлкө менен экономикалык байланыштарынын өнүгүшүн талкуулады

ЕАЭБ 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу болду. Тараптар Евразия экономикалык биримдигинин актуалдуу өнүктүрүү маселелерин, ошондой эле ЕАЭБдин үчүнчү өлкөлөр жана интеграциялык бирикмелер менен мамилелерин тереңдетүү келечегин талкуулашты.

Тигран Саркисян тышкы жактардын Биримдик менен кызматташууга кызыкдарлыгы өсүп жатканын белгиледи. “ЕАЭБдин тышкы соода ишмердиги өнүгүп жатат. Биздин бирикмеге болгон кызыгуу жогору, соода-экономикалык мамилелерди түзүүгө билдирүүлөр түшүп жатат. Алды менен, эркин соода зонасы тууралуу келишим түзүүгө кызыкдарлык бар”, - деди ЕЭК Коллегиясынын төрагасы РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда. Т.Саркисяндын айтымында, Биримдиктин тышкы экономикалык ишмердигинин маанилүүлүктөрүн аныктоо алдыңкы милдеттерден болуп эсептелет.

Сергей Лавров мамлекет башчылар, тышкы иштер министрлери тарабынан бул тематиканы эл аралык уюмдарда жайылтууга жана ЕАЭБдин эл аралык аброюн бекемдөөгө багытталган бир катар чечимдер кабыл алынгандыгын белгиледи. “Бул иш абдан маанилүү деп эсептейбиз, - деп белгиледи РФ тышкы иштер министри. – бардык дүйнө жүзүндө интеграциялык процесстер өсүп жатат. Айрыкча, аймактык интеграция. Биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында бирдиктүү глобалдык тутумду сактап калуу маанилүү экендигин түшүнүү менен аларды өнүктүрүүнү толук колдойбуз”.

ЕЭК басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий