• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Элчи Абдылдаев Потсдам шаарындагы Германиялык Жерди изилдөө борборуна барды

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кечээ, 29-июнда Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Потсдам шаарындагы Германиялык Жерди изилдөө борборунун илим боюнча аппарат жетекчиси, Бишкек шаарындагы Борбор-Азиялык Жерди прикладдык изилдѳѳ институтунун (БАЖПИИ) айкалышкан директору Оливер Бенс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

​Элчи Эрлан Абдылдаев Потсдам шаарындагы борбордун жана БАЖПИИнин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен таанышты.

Жолугушуу учурунда элчи Эрлан Абдылдаев аталган борбордун жана институттун ар кайсы чөйрөлөрдө жасаган илимий жана прикладдык изилдөөлөрү керектүү экенин баса белгиледи.

БАЖПИИнин алкагында долбоордук ишмердүүлүктү кеңейтүү, айрыкча суу колдонуу, экологияны сактоо жана башка Кыргызстанга артыкчылыктуу багыттар боюнча, анын ичинде Германиянын Тышкы иштер министрлигинин демилгеси “Жашыл Борбор Азия” тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

​Андан тышкары, элчи Эрлан Абдылдаев “Кумтөр” алтын кен ишканасынын ишмердүүлүгүнөн Кыргызстанга келтирилген экологиялык зыян тууралуу маалымат берди.

Белгилей кетсек, БАЖПИИнин түзүүчүлөрү болуп КР өкмөтү жана Потсдам шаарындагы борбор саналат.

Пикир

Оставить комментарий