• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эрназар Акматалиев Азия чемпионатынын финалында күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 23.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Жарым финалда Акматалиев (70 кг) монголиялык Тэмуулен Энхтуяга аз жерден утулуп кала жаздады. Күрөштүн башында Эрназар алты упайды алдырып жиберди. Бирок күчүн бир муштумга чогултуп атаандашын 12:6 эсебинде артта калтырды.

Кыргыз балбаны мелдештин чейрек финалынан баштап катышып, индиялык спортчуну 6:3 эсебинде жеңип алган.

Финалда Эрназар Акматалиев япон спортчусу Таиши Нарикуниге каршы күрөшөт.

Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев 2021-жылы Осло шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.

Азия чемпионатында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча спортчулар жалпы тогуз медаль багындырышты:

Алтын медаль:

Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;

Тынар Шаршенбеков - 63 кг;

Акжол Махмудов - 77 кг;

Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:

Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;

Мээрим Жуманазарова - 68 кг.

Коло медаль:

Адилхан Нурланбеков - 72 кг;

Үзүр Жузупбеков - 97 кг;

Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий