• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Көркөм гимнастика боюнча курама команда Красноярскта өткөн мелдеште 4 коло медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча курама командасы Россиянын Красноярск шаарында өткөн эл аралык мелдеште 4 коло медаль жеңди.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 25-27-май аралыгында өткөн мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Кытай, Италия, Бельгия, Армения жана Азербайжандын спортчулар катышты.

Командалык жарышта Аяна Токушова, Арууке Молдодосова, Рухшана Абдыкахарова, Жибек Райымбекова, Бегайым Кушбакалиева жана Бегимай Фронтбекова үчүнчү орунду ээлеп, акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Ал эми жекелик оюндарда Ангелина Есикова, Арууке Курманбекова, Анна Адмакина жана Александра Удадова коло медаль тагынышты.

Пикир

Оставить комментарий