• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Европа парламентинин делегациясы Кыргызстанга келди

Саясат 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Европа парламентинин 5 депутаты 3 күндүк иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ЕПнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Иш сапардын алкагында алар ЕП-КР парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин 12-жыйынына катышышат, иш-чараны өткөрүү 20-февраль күндүн экинчи жарымына белгиленген.

Муну менен катар Европарламенттин депутаттары Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Тышкы иштер, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо министрликтеринин өкүлдөрү, андан тышкары өкмөттүк эмес уюмдардын мүчөлөрү менен жолугушат.

Ошондой эле, Европарламенттин депутаттары Бишкектин айланасындагы Евробиримдик тарабынан каржыланып жаткан долбоорлор менен таанышууну жана аталган биримдик каржылап жаткан Erasmus студенттик тажрыйба алмашуу программасынын катышуучулары менен жолугушуу үчүн Кыргыз Улуттук университетине барууну пландашууда.

Келген делегациянын курамында Европарламенттин депутаттары Татьяна Жданок, Андрей Мамикинс (экөө тең Латвиядан), Хельсу Стевенс (Бельгия), Ульрик Мюллер (Германия) бар. Делегациянын жетекчиси Ивета Григуле (Латвия).

Пикир

Оставить комментарий