• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ички иштер министрлиги кыз ала качуу кылмыш экендигин эскертет

Коом 0


Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Ички иштер министрлиги кыз ала качуу салт эмес, кылмыш экенин эскертет жана ал үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын баса белгилейт.

Ички иштер министрлиги жарандардан кыз ала качуу жана никеге мажбурлап тургузган окуяларга кайдагер мамиле кылбай, ички иштер органдарына 102 номери аркылуу кабарлап коюну суранат.

ИИМ адамды никеге туруу максатында уурдоо, башкача айтканда, кыз ала качуу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилиги каралганын дагы бир ирет эскертет.

Мындан тышкары, адамды никеге туруу максатында уурдоо фактысына катыштыгы бар башка адамдарга мыйзам талабына ылайык тийиштүү чаралар көрүлөт.

КРнын Жазык кодексинде каралган кылмыштар жана алардын жазалары:

172-берене. Никеге туруу максатында ала качуу
1. Никеге туруу үчүн адамды ала качуу-беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу-жети жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

173-берене. Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо

Бала менен иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

174-берене. Адамды никеге турууга мажбурлоо

Адамды никеге турууга мажбурлоо, ошого тете мажбурлап түзүлгөн никени улантууга мажбурлоо же никеге турбастан чогуу жашоого, же мындай чогуу жашоону улантууга мажбурлоо, ошого тете адамдын никеге туруусуна тоскоолдук кылуу - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Пикир

Оставить комментарий