• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

II Элдик курултай. Арстанбап токоюнда туристтик шарттарды түзүү маселеси көтөрүлдү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Базар-Коргон районунан келген делегат Ырысмамат Кыпчаков Арстанбап токоюн туристтик аймак катары өнүктүрүүнүн жолдорун айтты.

Анын айтымында, азыр өлкөнүн бардык аймагында айыл өкмөттөрүн ирилештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Арстанбап айыл өкмөтүн дагы жоюу маселеси каралып жатат.

"Арстанбап айыл өкмөтү райондун аймагындагы жаңгак токоюна туристтер жана зыяратчылар эң көп келген аймак болуп саналат. Жай мезгилинде Кыргызстандын 3 облусу, Өзбекстандын 3 облусу жана Тажикстандын 1 облусунун жашоочулары жаңгак токоюна зыяратка келишет. Ошондуктан айыл өкмөттү жоюу туура эмес. Тескерисинче өнүктүрүп, туристтерди мындан дагы көбүрөөк тартуу үчүн шарттарды түзүү зарыл. Бул иштер айыл өкмөт аркылуу жүзөгө ашырыла турган маселе", - деди ал.

Ошондой эле делегат токойго жакын жайгашкан айылдарды тез арада газдаштыруу зарылдыгына токтолду. "Антпесе жылдан жылга, өзгөчө кыш мезгилинде токойлор отун катары кыйылып, аянты азайып баратат. Бул малеге көңүл бурушу керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий