• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

III ДКО: Ысык-Көлдүн жээгинде “Көчмөндөр ааламы” сынагында 50 өлкө өз маданиятын тааныштырат

ДКО 2018 0

Бактуу-Долоноту, 04.09.18. /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 50 өлкөнүн арасында бий, улуттук кийим жана манас айтуу боюнча “Көчмөндөр ааламы” сынагы өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине III ДКОнун маданий программасынын башкы режиссёру Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, ага 50 өлкөдөн ашуун катышат.

“Көчмөндөр ааламы” 4-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгинде башталып, 7сине чейин уланат.

Андан тышкары ДКОнун конокторун 7 облустун ичинен өзүнүн шаарчасын мыкты жасалгалоо боюнча салттык сынактар күтөт.

“Чет өлкөлүк жарандар үчүн дагы сынактар бар. Эл аралык кылычташуу турнири жана тамак жасоо боюнча сынак болот. Андан сырткары кийизди жасоо, камчы өрүү, токуу жана жыгач усталык боюнча жарыш болот. Ошондой эле аз убакыт ичинде боз үйдү тигүү сынагы да уланат”, - деди ал.

Максүтовдун айтымында жалпысынан ушул күндөрү 500дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалууда. Кырчын этношаарчасында миңден ашык боз үй тигилген. Анын 570и сынактык комиссия тарабынан бааланат.

Кырчын комплексиндеги ачылыш аземине 2 миң адам катышкан. Анын 1400ү – кесипкөй артисттер.

Пикир

Оставить комментарий