• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

ИИМ: Коомдук тартипти бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Коомдук тартипти бузгандар боюнча тиешелүү ыкчам иш-аракеттер уланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 2-мартта Бишкекте өткөн митингден кийин массалык башаламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген.

"Алардын 162си менен тактоо жана аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилди. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык-кодексинин 264-беренесинин ("массалык башаламандыктар") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды. Мындан тышкары, массалык башаламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий