• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: Россиянын жаранын опузалап, 315 миң сом алгандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Россиянын жаранын опузалап, 315 миң сом алгандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Ички иликтөө кызматына Россиянын жараны З.Э. кайрылып, 2023-жылдын 20-апрелинде кафеден "Д" аттуу кыз жана укук коргоо органдарынын белгисиз кызматкерлери баңгизатын жабарлануучуга жашыруун таштап, андан соң белгисиз кызматкерлер аны үйүнүн жанынан кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн коркутуу жолу менен 315 миң сом акча каражатын алышканын билдирип, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты каттоого алынып, КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. Т.Д., М.А. аттуу кыздар мурда соттолгон жарандар У.А., Т.Н. жана милиция кызматкерлери менен биргеликте алдын ала сүйлөшүп алышып, баңгизаттарды таштоо жолу менен жарандардан опузалап акча талап кылуу схемасын уюштурушкан. Андан сырткары, алар аткара турган ролдорунда бөлүштүрүп алышкан.

2023-жылдын 26-июнунда ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандар Т.Д., М.А., У.А., Т.Н., ошондой эле ИИМдин аймактык бөлүктөрүнүн милиция кызматкерлери Ж.И., Ч.З. жана Б.Б. кармалышкан.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүшүп, күч түзүмдөрүнүн башка тиешеси бар кызматкерлерин такташууда.

Белгиленгендей, ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандардан тазалоого багытталган иштерди улантат. Жарандардын кайрылууларын жана арыздарын кароого формалдуу мамиле кылуу, кылмыштарды каттоодон баш тартуу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларды табууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Пикир

Оставить комментарий