• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Интернаттарга дистанттык окуу үчүн жаңы үлгүдөгү 8 телевизор берилди - Билим берүү министрлиги

Билим 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү интернаттардагы балдарды аралыктан окутуу үчүн акыркы үлгүдөгү 8 телевизор жана 10 роутер алып берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жабдуулар Чүй облусундагы үч интернаттык мекемеге жеткирилди.

Ушул тапта өзгөчө абал шартында интернат тибиндеги 5 мекеме иштеп жатат. Төртөө Чүй облусунда жана бирөө Ошто. Мындагы жалпы тарбиялануучулардын саны 392, алардын ичинен 355и мектеп курагындагы балдар.

Пикир

Оставить комментарий