• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын аялдар курама командасы биринчи жеңишке жетишти

Спорт 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. Баку шаарындагы Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын аялдар курама командасы биринчи жеңишке жетишти. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, 16-майда Абдухамид Айсаходжиевдин командасы турнирдин топтук баскычынын 3-турунда Тажикстандын курама командасы менен беттешти.

“Биринчи эки партиянын жүрүшүндө күрөш тең болуп, командалар бирден упай алышты. 3-партияда тажикстандык тараптын күчү кетип, Кыргызстандын курама командасы жеңишке оңой жетишти”,- деп айтылат билдирүүдө.

3-партияда КР командасы 25-6 эсебинде жеңишке жетишти. Жалпы эсеп Кыргызстан курама командасынын пайдасына 3-1 болду.

Кыргызстандык команда 3-орун алып, эми жарым финалда Түркиянын курама командасы менен ойнойт. Тажикстандын курама командасы финал үчүн беттеште азербайжандык курама менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий