• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Күрөш боюнча кыздар курамасы Азия чемпионатына даярдык көрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 08.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Ысык-Көлдө окуу-машыгуудан өтүп жаткан кези. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курама башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун кол алдында Чолпон-Ата шаарында машыгуудан өтүп жатышат, 4-февралда башталган даярдык 27-февралга чейин созулат.

Кураманын курамында Нурбек Изабеков жана Розалии Тилегенованын кол алдында 14 спортчу машыгууда.

Кураманын тизмеси:

Кальмира Билимбек кызы, Назик Мирлан кызы, Каныкей Анварбекова (44 кг чейин);

Айсалкын Кожомкул кызы, Саяна Байызова (50 кг чейин);

Айжан Сабырбек кызы, Мадина Надирова (53 кг чейин);

Назира Марсбек кызы (57 кг чейин);

Нураида Анаркулова, Айбике Артыкалы кызы (59 кг чейин);

Айсулуу Тыныбекова (62 кг чейин);

Мээрим Жуманазарова, Нурзат Нуртаева (68 кг чейин);

Айпери Медет кызы (76 кг чейин).

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Азия чемпионаты 27нен 4-мартка чейин Арча-Бешик жаңы конушундагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо комплексинде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий