Ош, 03.08.19 /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 31-июль күнү жаңы заманбап логистикалык борбордун ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ал логистикалык борбордо жаңы жана кургатылган жер-жемиштер менен жашылчалар сакталып, талаптарга ылайык даярдалгандан кийин чет өлкөгө экспортко жөнөтүлмөкчү.
Учурда ал борборго жер-жемиш, жашылчаларын өткөрүүгө кызыккан дыйкан, багбандар бар.
Пикир
Оставить комментарий