• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кара-Балтада 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 04.09.23. /Кабар/. Кара-Балта шаарында 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-сентябрда болжол менен саат 14:30 чамасында Кара–Балта шаарынын 8-март көчөсүндө Mercedes-Benz, Honda SRV жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жол кырсыгынын кесепетинен 4 жаран ооруканага жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий