• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Сууда муктаж жарандарга акчалай жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 223 жаранга 223 000 сомдук акчалай жардам берилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кайрымдуулук иш-чарасындагы каражат Кара-Суу райондук хатибияты тарыбынан каржыланды.

“Кара-Суу районунда садака-фитрден түшкөн каражатты айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына тапшырдым. Алар өздөрүнүн айыл аймагындагы имамдары менен биргеликте жардамга муктаж жарандарына жеткиришет. Мындан сырткары хатибияттын расмий идарасында да жардам берилди”, - деди Абдирашит ажы Батыров.

Пикир

Оставить комментарий