• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Катар Бишкектеги травматология жана ортопедия борборуна кошумча имарат куруп берет

Ден соолук 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Катар мамлекети Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна кошумча имарат куруп берет. Бул тууралуу Катардын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Катар Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүү, жаңы медициналык мекемелерге инвестиция кылуу жана кызмат көрсөтүү боюнча кыргыз өкмөтү жүргүзүп жаткан аракеттерге катышууга кызыкдар. Катар мамлекетинин өкмөтү Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаңы имарат куруу долбоорун жактырды.

Элчилик бул долбоор Катар мамлекетинин Кыргызстандагы эң ири долбоорлорунун бири болуп, эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы эки тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүүгө оң негиз болуп берет деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий