• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда мору урап түшкөн ЖЭБдин директору менен башкы инженери кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. 21-мартта түтүн чыккан мору урап түшкөн Казакстандын Петропавл шаарындагы жылуулук электр станциясынын (ЖЭБ) директору менен башкы инженери кармалды. Бул тууралуу Түндүк Казакстан облустук прокуратурасы кабарлады.

"Өз милдеттерине ак ниеттүүлүк менен мамиле кылбоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүп жатат. Мындан тышкары көзөмөдөө инстанцияларынын иши да анализденүүдө", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

22-мартка караган түнү кырсыктан кийин дайынсыз болуп жаткан 38 жаштагы кызматкерди издөө үчүн станциянын иши убактылуу токтотулган. ЖЭБдин урап түшкөн мору 1961-жылы пайдаланууга берилген.

Пикир

Оставить комментарий