• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

ӨКМ: 14 кыргызстандыктын сөөгү салынган атайын борт 3,5 сааттан кийин Ошко конот

Коом 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалымат боюнча, учак 3,5 сааттан кийин "Ош" эл аралык аэропортуна конот.

Белгиленгендей, сөөктөрдү алып келүү үчүн Ульяновск шаарына Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Россиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков барган.

Алар жеринде Россия ӨКМнин Ульяновск облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Михаил Осокин жана орун басары Михаил Николаев менен жолугушуп, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.

Кыргызстан 23-августта автокырсыкка байланыштуу аза күтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий