• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ: Сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча сууга чөгүп кеткен эки адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Теплые ключи" эс алуу жайында Аламүдүн суусуна 26 жаштагы кыз түшүп кеткен.

9-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында саат 08:00дө КР ӨКМнен жалпы 108 куткаруучу тартылып, саат 19:00дө кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулду. Натыйжа болгон эмес. Бүгүн, 10-сентябрда издөө улантылат.

Мындан тышкары, 7-август күнү Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында Чу дарыясына 7 жаштагы бала чөгүп кеткен. Буга чейинки издөө иштери натыйжа берген эмес.

9-сентябрь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМден 5 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 10-сентябрь күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий