• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ӨКМ жай мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин эскертет

Коом 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жай мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин эскертет.

Жайкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун төмөнкү эрежелерин сактоо зарыл:

- бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
- күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;
- балдарды кароосуз калтырбагыла;
- күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
- электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.
- тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла;
- аянттагы тазаланган жердин катмарына гана от жаккыла;
- өрткө кооптуу учурда от жакпагыла жана калдыктарды өрттөбөгүлө;
- кетип бара жатып отту суу менен өчүргүлө жана очоктогу оттун күлүн топурак менен аягына чейин көмүп койгула;
- токойго бензин синип калган жана май болгон материалдарды калтырбагыла;
- айнектин сыныктарын жана ботолколорду калтырбагыла, күндүн нурлары менен чагылышып өрттүн булагы болушу мүмкүн, жаны чыккан өрттү суу менен өчүргүлө жана үстүнөн ийне жалбырактуу дарактардын бутактарын жана топуракты таштагыла.

“Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен сиз өзүңүздүн турак-жайыңызды, мүлкүңүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий