• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Коронавирустун инкубациялык мезгили канча күндү түзөт?

Ден соолук 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, коронаврустун жаңы түрү – COVID‑19дун инкубациялык мезгили 1-14 күндү, орточо 5-6 күндү түзөт. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Инкубациялык мезгил – ооруну жуктуруп алып, анын белгилеринин пайда болгонго чейинки мезгил.

Министрликтен белгилешкендей, жаңы маалыматтардын келишине жараша инкубациялык мезгилдин убактысы өзгөрүшү мүмкүн.

"КР Саламаттык сактоо министрлигине Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан, коронавируска күмөнү бар айрым бир белгилери байкалган адамдарды кароого алуу боюнча сунуштар келтирилген колдонмо келди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аларга 14 күндүк кароо жүргүзүүнү сунуштайт", - деп билдиришти министрликтен.

Алдын алуу чаралары:

- Колго спирти бар каражаттарды сүйкөп, самындап жууп туруңуз;

- "Жөтөлүү этикетин" сактап, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз-мурунду жабыңыз;

- Курч респиратордук инфекциялардын же сасык тумоонун белгилери бар адамдардан алыс болуңуз. Мүмкүн болсо эл чогулган жерлерге барбаңыз;

- Жумуртка жана этти жакшылап кайнатып же кууруп жеңиздер;

- Жаратылышта жүргөндө жаныбарлардан жана канаттуу-куштардан алыс болуңуз;

- Дене табыңыз көтөрүлсө, жөтөлсөңүз жана дем алганда энтиксеңиз дарыгерге кайрылыңыз.

Пикир

Оставить комментарий