• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР жеңил атлетчилери Ташкентте өтө турган Борбор Азиянын чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 21.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Жеңил атлет боюнча Кыргызстандын курамасы 2001-2002-жылкы уландар жана кыздар арасында өтө турган Борбор Азия өлкөлөрүнүн чемпионатына катышат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Мелдеш Ташкент (Өзбекстан) шаарында 22нен 26-февраль күндөрү болот.

Кыргызстандын курамасынын курамында 13 спортчу бар, машыктыруучулар Людмила Ничипуренко жана Куштарбек Таштанбеков.

Кураманын барып келүү каражаты спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланат, ал үчүн бюджеттен 171 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий