• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кубаныч жана арман тартуулаган Токио Олимпиадасы

Спорт 0

Бишкек, 18.08.21. /Кабар/. "Той да болот, тойдун эртеси да болот" дегендей дүйнө калкы чыдамсыздык менен күткөн, былтыр өтүшү керек болгон олимиадалык мелдештерге бир жылдай кошумча убакыт тартуулаган 206 өлкөнүн 12 миңден ашуун спортчусу 339 комплект медаль үчүн күч сынашкан Токио-2020 жайкы Олимпиадалык оюндар да соңуна чыкты.

ХХХII жайкы Олимпиада оюндары эпидемиялык коронавирус пандемиясы кыйын кырдаалга карабай спорттун 33 түрү боюнча 23-июлдан 8-августка чейин болду. Эми Токио шаарында Паралимпиадалык оюндар 24-августтан 5-сентябрга чейин болуп өтөт.

Токио Олимпиадасы 2020-жылдын март айында 2021-жылга жылдырылганда оюндун уюштуруучулары Грекиядан алынып келинген Олимпиада оту “туннелдин акырында жанып турган жалын болмокчу” деп айткан эле. 23-июлда Олимпиаданын ачылыш салтанатында ошол жалындын бир бүлбүлдөп жанган от алоолоп жанып, миңдеген спортчулардын, спорт адистердин, күйөрмандардын жүрөгүнө ишенимдин, жеңиштин отун жандырып койгону менен баалуу болду.

"Менин оюмча стадионго киргенде ал кубаныч тартуулаган жана жеңилдөө көз ирмеми болот. Айрыкча спортчулар үчүн бул кубаныч тартуулаган көз ирмем болот. Себеби алар ошол учурду канчалык күтүп жатканын билем. Кийин алар акыры ошол жакка барышып, бул көз ирмемден аябай өзгөчө шарттарда ырахат ала алышат", — деген эле Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах. Бул таамай айтылган сөздү олимпиадалык мелдештер айкын далилдеп койду.

Япония өлкөсү төрт олимпиаданын отун жандырган

1940-жылы Токио шаарында XII жайкы олимпиада өтмөк. Тилекке каршы жапон-кытай согушунун кесепетинен бул оюндар Хельсинки шаарына которулган. Бирок, бул олимпиада 2-дүйнөлүк согуштун айынан өтпөй калган эле. Токио шаары алгач ирет жайкы олимпиаданын эстафетасын 1964-жылы кабыл алып, 93 өлкөнүн өкүлдөрү спорттун 17 түрү боюнча мөрөй талашып, олимпиаданын шылтоосу менен стадиондор, спорт борборлору курулуп калган. 54 жылдан кийин Токио шаары жайкы олимпиаданы ковид илдетине карабай уюшкандык менен дүйнө коомчулугун таңгалдырып жогорку деңгээлде өткөрүп алышты. Баса бул Жапон өлкөсү эки ирет кышкы олимпиада оюндарын кабыл алып, 1972-жылы Саппоро шаарында, 1998-жылы Нагано шаарында жогорку деңгээлде өткөрүп, 4 жолу олимпиаданын отун жандырган өлкө катары таанылган.

Беттен түшпөгөн беткап, ар күнкү шилекей анализи

Коронавирус пандемиясы азыркы күнгө чейин дүйнө жүзүн каптап, айрым токиолук жарандар олимпиаданы өткөрүүгө каршы акцияларды өткөрүп турса дагы жапон калкы кайратмандык, жигердүүлүк, тобокелдик менен олимпиаданы өткөрүү менен тарыхтын жаңы барагын ачып койгонуна, оюнду уюштуруучулардын, миңдеген ыктыярчылардын күнү-түнү тынбай мээнет кылганын көрүп, терең ыраазы болдум.

Олимпиада оюндарында ар күнү ар убакта беткап тагынып,күн сайын эртең менен шилекей анализин тапшырып,санитардык эрежелерди сактап, колубузду антисептик менен жууп, мелдештерге баратканда, анан кайра Олимпиадалык айылга келатканда дагы температурабызды текшерип турушту. Мен тагдырдын буйругу менен он бир олимпиадалык оюндарды жеринен түз чагылдырып турдум. Бирок мындай катаал шарттар менен ден соолукту текшерип, коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп турган Олимпиада оюндары буга чейин болуп көргөн эмес.

Дүйнө жүзүндө ковид, пандемия илдеттери көп катталып тургандыктан, Токио шаарында жайкы олимпиада оюндары өтө турган убакыт аралыгында өзгөчө кырдаал абалында болгондуктан жапон коомчулугунун курч сын-пикирине карабай уюштуруучулар коопсуздук маселеси биринчи орунга коюп, сактык чаралары өтө жогорку деңгээлде көрүү менен мелдештерди жабык эшик артында өткөрүп, оюн аянттарына жергиликтүү жана чет элдик күйөрмандар киргизилген жок.

Ээн стадион, көрүүчүлөрсүз өткөн мелдештер

Мелдештерди спорт журналисттери чагылдырып, мелдешке катышып жаткан спортчуларды аз гана делегация мүчөлөрү сүрөөнгө алып турдук. Ошондо дагы аралыкты сактап, беткап менен отурдук. Биз орундуктардан туруп кетээрибиз менен ошол жерди жууп-тазалап, дезинфекциялап турушту.

Ал эми спортчуларга карата дагы катуу чектөөлөр киргизилип, эрежелерди бекем сактоону ыктыярчылар көзөмөлгөп, эскертип турушту. Спротчулар жана делегация мүчөлөрү баарыбыз ар дайым ашканада тамак-аш жеп, суу, суусундук ичип, машыгуу, күч сынашуу жана уктагандан башка убактарда бардык жерде беткап кийип жүрүүгө милдеттүү болдук. Бирок, тилекке каршы мелдештер расмий түрдө баштала элек болсо дагы коронавирус эбак эле Олимпиада айылын аралап кеткен фактылар арбын болуп, жапондорду кошумча түйшүккө салды.

Олимпиада оюндарындагы жаңы спорт түрлөрү

Токиодо Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан спорттун 33 түрү боюнча рекорддук 339 комплект байге үчүн мөрөй талашуулар курч мүнөздө өттү. Алардын ичинен спорттун беш түрү: каратэ, скейтбординг, спорттук альпинизм, бейсбол/ софтбол жана серфинг олимпиадалык жадыбалга жаңы кошулду.

Бейсбол менен софтбол Токио олимпиадасынын жадыбалында негизинен “жаңы” деле эмес, бирок аталган оюндар боюнча Бээжинде 2008-жылкы Олимпиададан бери мелдеш өткөрүлө элек болчу.

Олимпиададагы жаңы иш-чаралар катары бокс, кайык слалом, кайык спринти, тоодогу веложарыш, калак менен кайыкта жарышуу жана сууда сүзүү боюнча мелдештер болду. Андан тышкары айымдар менен эркектер аралаш күч сынашкан 4x100м аралаш сууда сүзүү эстафетасы жана триатлон боюнча аралаш эстафета да олимпиадалык оюндардагы жаңылык болду.

Токио олимпиадасындагы бул жаңы спорттун түрлөрүнүн жадыбалга киргизилиши жаштарды спортко тартуу, солгундап бараткан олимпиадалык кыймылдын, оюндардын таасирин артыруу, азыркы доорго жараша заманбап жаңы спорт түрлөрүн жайылтууга болгон аракет десек жарашат.

Калдыктан жасалган медалдар жана сарамжалдуулук

Токио олимпиадасынын дагы бир өзгөчөлүгү медалдар мурда колдонулган мобилдик телефондордон жасалса, Олимпиада оюндарынын оту жанган факелин 2011-жылы Жапонияда катталган ири жер титирөөдөн кийин салынган убактылуу үйлөрдөн калган алюминийден жасалган менен дүйнө коомчулугун таңгалдырды.

Токио шаарында спорттук ири имараттар, стадиондор, залдар арбын болгондуктан мелдеш өтүүчү үчүн сегиз гана имарат жаңы курулганы менен сарамжалдуулукту көрсөтүштү. Мисалы оор атлетика боюнча күч сынашуулар Токио эл аралык форум аталган ири имаратта өтсө, бокс мелдештери тарыхый Регоку Кокугикан сумо залында болду. Ал эми спорттук күрөштүн бардык түрлөрү, фехтования жана тхэквондо мелдештери баш аягы көрүнбөгөн эң ири Макухари Мессе Борборунда курч мүнөздө өттү. Ал түгүл спорттун 11 түрү боюнча мелдештер Токиого жакын жайгашкан аймактарда, шаарларда өткөрүлдү. Мисалы Сайтама аймагында баскетбол, Эносима аралында –парус, Цуригасаки жээгинде –серфинг, Фудзияма тоосуна жакын Сидзуока аймагында велошоссе жарыштары, Идзу тоосунда велоспорт, Саппоро, Мияги, Касима жана Иокогама шаарларында футбол, Саппородо марафондук жарыштар өткөрүлдү.

Эң катаал шарттагы Олимпиада оюндары

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 8-августта жыйынтыкталды. Коронавирус пандемиясынан улам үзгүлтүккө учурап, бир жыл кечиккен бул оюндар тарыхта "эң катаал Олимпиада оюндары" катары эсте калды.

Эл аралык Олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах Токио Олимпиадасын 8-августта жабык деп жарыялап, 16 күндүк спорттук иш-чара коронавирус пандемиясы учурунда дүйнөгө үмүт алып келгенин айтты.

"Пандемия башталгандан бери биринчи жолу бүткүл дүйнө бирикти. Спорт кайрадан көңүл чордонунда. Кубанычын тең бөлүшкөн дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарды эмоциялар бириктирди. Бул бизге үмүт, келечекке болгон ишеним берет", - деди олимпиада оюндарын жыйынтыктап жатып Томас Бах. Ал бул "эң татаал Олимпиада жолу болду", - деп атады ал.

Бах ошондой эле жапониялык уюштуруучуларга жана миңдеген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирип “силер, жапондор жетишкен ийгиликтериңер менен сыймыктансаңар болот" деп кошумчулады. Эстафетаны Париж шаарына тапшырды. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах олимпиадалык желекти Париждин мэри Анн Идальгого өткөрүп берди. Туптуура үч жылдан соң дал ушул шаарда XXXIII жайкы Олимпиада​ оюндары өтөт.

2024 -жылкы жайкы Олимпиада оюндарын өткөрө турган Париж шаарында миңдеген адамдар, анын ичинде Токиодон кайтып келген жеңүүчүлөр Эйфел мунарасынын жанына чогулуп, Олимпиадалык желектин тапшырылышын кубаттап турушту.

Спорт экономиканын барометри экенин анык

23-июлда башталган Токио-2020 Олимпиада оюндары 8-августта жыйынтыкталды.

Олимпиада оюндарында экономикасы күчтүү, өнүккөн өлкөлөр ат чабым алыс кеттип, байгенин көбүн олжолоп алышты. Анан дагы спорттук медицинасынын, фармакологиясынын жардамы менен байгелүү орундарды ээлеп алышканын спорт адистери дагы баса белгилеп жатышат. Биринчи саптагы АКШ өлкөсүнүн 39 алтын, 41 күмүш, 33 коло медалы бар. Экинчи орунда 38 алтын, 32 күмүш, 18 коло байге уткан Кытай турду. Оюн ээси Япония 27 алтын, 14 күмүш, 17 коло медаль утуп, үчүнчү орунду ишенимдүү ээледи. Төртүнчү орунда Улуу Британия туруп, алар 22 алтын, 21 күмүш жана 22 коло байгени олжолоп кетишти.Эл аралык олимпиада комитетинин желеги астында катышкан Россия 20 алтын, 28 күмүш жана 23 коло медаль утуп, алар бешинчи тепкичте турду. Борбор Азия өлкөлөрүнөн Өзбекстан алдыга чыгып,. Алар 3 алтын жана 2 коло байгеси менен 32-орунду ээледи. Мурдакы олимпиадалык оюндарда ийгилик жаратып келген Казакстандын учурдагы 8 коло байгеси менен 83-орунга илинип, шаабайы сууп, арманы аттын башында болуп турушту. Эгемендик алгандан бери 30 жылда бир күмүш байгелүү Түркмөнстан 77-орунда туруп, Казакстандан 6 тепкич өйдө болгону адистердин көңүлүн бурду. Токиодо Тажикстан бул жолку Олимпиада оюндарында бир да медаль алган жок.

Токио Олимпиадалык оюндарында Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргоду

Кыргызстандык спортчулардын 13ү байгеге жетпей калса, балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов күмүш байгелүү болуп, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды. Байгелердин жалпы көрсөткүчү боюнча 2 күмүш, 1 коло медалы менен Кыргызстан 70-орунду ээлеп, олимпиадага катышкан 206 мамлекеттен 136 өлкөдөн өйдө турду.

Олимпиада оюндарына катышкан 206 өлкөнүн 93 мамлекеттин спортчулары гана байгелүү орундарды ээледи.

Токио олимпиадасынан пресс-атташе, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов

Пикир

Оставить комментарий